Жоготуп алган Android түзмөгүңүздү ушул колдонмо аркылуу таап, чалып, кулпул��п жана андагы нерселерди өчүрүп сала аласыз
Жоготкон Android түзмөгүңүздү таап, кулпулап койсоңуз болот
Мүмкүнчүлүктөр
Картадан телефонуңузду, планшетиңизди же башка Android түзмөктөрүңүздү жана жабдууларды көрө аласыз. Эгер учурда түзмөктүн кайда экенин аныктай албай жатсаңыз, акыркы жолу Интернетке туташып турганда кайда турганын көрө аласыз.
Түзмөгүңүздү аэропортто, соода борборунда же башка ири имараттарда тезирээк табуу үчүн ошол жердин картасын колдонсоңуз болот
Түзмөгүңүздү Google Картасынын жардамы менен да таба аласыз. Ал үчүн түзмөктүн жайгашкан жерин басып туруп, Google Картасынын сүрөтчөсүн басыңыз
Түзмөгүңүздүн үнү басылып турса да, үнүн катуу чыгарып шыңгыратсаңыз болот
Android түзмөгүңүздү кулпулап, андагы нерселерди өчүрүп, кулпуланып турган экранга байланыш маалыматыңызды чыгарып койсоңуз болот
Тармактын жана батареянын абалын көрөсүз
Аппараттык камсыздоонун чоо-жайын көрөсүз
Уруксаттар
• Жайгашкан жер: Түзмөгүңүздүн учурда турган жерин аныктоо үчүн керек
• Байланыштар: Google аккаунтуңузга байланган электрондук почта даректерин көрүү үчүн керек
• Идентификация: Google аккаунтуңузга байланган электрондук почта даректерин көрүп, тескөө үчүн керек
• Камера: Сүрөттөр менен видеолорду тартуу үчүн керек
Качан жаңырды
2024-ж., 3-дек.